Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 13:30
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

"КАМАЗ" компаниясынын тетиктерин Кыргызстанда чыгаруу пландалууда

14.05.2021 13:06
1813
"КАМАЗ" компаниясынын тетиктерин Кыргызстанда чыгаруу пландалууда

Кыргызстанда орусиялык “КАМАЗ” компаниясынын автоунааларын кура турган ишкана пайда болушу мүмкүн. Бул маселе Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо министри Алмамбет Шыкмаматов менен “КАМАЗ” АКнын Автомобилдерди сатуу боюнча башкы директорунун орун басары Василий Цыганов менен болгон жолугушууда талкууланды, деп маалымдайт агенттиктин сайты.


Жолугушуунун жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын аймагында унааларды куроону уюштуруу маселеси талкууланды.


Мындан тышкары, 2021-жылы 26-апрелде Казань шаарында өткөн татар-кыргыз бизнес форумунда “DT Technic” жана “КАМАЗ” жүк ташуучу унааларын кураштыруу жаатында биргелешип кызматташуу жөнүндө макулдашышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн