Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 09:15
USD
86.55
86.85
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

"КР президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыкка кол коюлду

24.08.2023 10:55
482
"КР президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыкка кол коюлду


Президент Садыр Жапаров "КР президентинин айрым чечимдерин күчүн жого тоотту деп таануу жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин мамлекет башчысынын 2022-жылдын 15-августундагы № 284 "Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө" жарлыгына ылайык, Элдик курултайдын статусун мыйзам менен жөнгө салууга чейин 2022-жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында биринчи Элдик курултай 1 миң 74 делегаттын катышуусунда болуп өткөн.

"Элдик курултай жөнүндө" КР Конституциялык мыйзамы кабыл алынгандыгына жана күчүнө киргендигине байланыштуу КР президентинин 2022-жылдын 22-августундагы № 284 "Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө" жарлыгы күчүн жоготту, ошону менен бирге 2022-жылдын 25-ноябрында өткөн Элдик курултайдын делегаттарынын ыйгарым укуктары токтотулду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн