Бугу 06, 2024
Убакыт: 17:42
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

"КР прокуратурасы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

24.07.2023 14:25
346
"КР прокуратурасы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди


Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 24-июлунда "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" КР конституциялык мыйзамына кол койду.

Конституциялык мыйзам 2023-жылдын 29-июнунда КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Конституциялык Мыйзамда мамлекеттик камсыздандыруу органдары камсыздандыруу суммасын төмөнкүдөй учурларда төлөп берери белгиленген:

1) прокурор жана тергөөчү өз кызматтык милдеттерин аткарып жатып, курман болгондо (өлүмгө учураганда). Курман болгондун үй-бүлөсүнө анын акыркы кызмат орду боюнча жыйырма орточо айлык эмгек акысынын өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнөт. Курман болгондун үй-бүлөсүнө кызматкер курман болгон учурда орун алган шарттарда жана негиздерде бардык шарты бар турак жай алуу укугу сакталат;
2) прокурор жана тергөөчү кызматтык милдеттерин аткарып жатканда мындан ары кесиптик иши менен алектенүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган мертинүү же майыптык алганда, төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бир жолку камсыздандыруу суммасы төлөнөт:
а) I топтогу майыпка – акыркы кызмат орду боюнча он орточо айлык эмгек акы;
б) II топтогу майыпка – акыркы кызмат орду боюнча сегиз орточо айлык эмгек акы;
в) III топтогу майыпка – акыркы кызмат орду боюнча беш орточо айлык эмгек акы.

Конституциялык мыйзам прокуратура органдарынын жана башка укук коргоо органдарынын кызматкерлерине каралган төлөмдөрдүн тең өлчөмдүүлүгүн камсыз кылууга багытталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн