УКМК жасалма документ менен иштерге байланышы бар деген шек менен 17-декабрда Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин жетекчиси Кылыч Саркарбаевди кармаган эле.
Буга байланыштуу Акматали Мадаминов аттуу Фейсбук колдонуучусу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдоп Саркарбаевге карата каралоо жүрүп жатканын билдирген. Мындан сырткары, спортчу көптөгөн өлкөлөрдө эл аралык мелдештерде Кыргызстандын байрагын желбиретип жаштарга, спортчуларга ар тармактан колдоо көрсөтүп келе жатканын кошумчалап, тергөөнүн адилеттүү болушун өтүнгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн