Бугу 06, 2024
Убакыт: 22:40
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

"Каракол" лыжа базасында карагайлар кыйылып, "Швейцария шаарчасы" курулабы?

04.01.2022 12:47
1360
"Каракол" лыжа базасында карагайлар кыйылып, "Швейцария шаарчасы" курулабы?

"Каракол" лыжа базасында карагайларды кыйып, "Швейцария шаарчасын" куруу фактысы боюнча экологиялык милиция текшерүү ишин жүргүзө баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Мирбек Кожоев билдирди.


Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары Караколдогу лыжа базасына "Швейцария шаарчасы" салынарын, ал үчүн тоонун боорундагы карагайлар кыйыла тургандыгы боюнча маалыматты талкуулап, көпчүлүгү нааразы пикирлерин билдиришкен.


Ал тургай коттедждерди сатуу боюнча жарнаманы курулуш компанияларынын бири жарыялаган. Компания коттедж шаарчасын Швейцария стилинде "Каракол" лыжа базасынын так ортосуна курарын белгилеген.


Бирок бул маалымат боюнча Каракол шаарынын мэриясы, Ак-Суу районунун акимиаты, Туризм департаменти кабары жок болуп чыкты. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы байланышканда, алар бул боюнча эч нерсе укпаганын айтышты. Ал эми "Каракол" лыжа базасынын администрациясы комментарий берүүдөн баш тартты.


Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев маалыматты соцтармактан окуганын билдирди.


"Бул боюнча угарым менен туристтик-экологиялык милицияга ал жакты текшерүү тапшырмасын бергем. Милиция канчалык мыйзамдуу иш жасалып жатканын текшерип жатат. Азыркы тапта эч кандай карагай кыюу, курулуш иштери жүргөн жок. Алдын ала маалымат боюнча, компаниянын ал жакка шаарча салуу ниети эле бар экен. Кайсы жакта кандай карагай турганын билип, текшерүү үчүн дрон менен тарткыла деген тапшырманы бердим", — деди ал.


Кожоев компаниянын жарнамасында көрсөтүлгөн жер аянты Мамлекеттик токой-чарба агенттигине караштуу экенин белгиледи.


"Бул жер биздин аймакта болгондуктан текшерүү тапшырмасын бердик. Маселе менин көзөмөлүмдө. Уруксаты жок эч ким карагай, бак кыйбайт. Токойду кыйып, броконьерлик кылууга каршымын", — деди Кожоев.


Булак: "Спутник Кыргызстан"

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн