Бугу 15, 2024
Убакыт: 19:05
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Дагы бир жакшы саамалык! "Кыргыз Унаа Курулуштан" жакында электробустар чыгарылат (ВИДЕО)

19.12.2020 09:54
2393
Дагы бир жакшы саамалык! "Кыргыз Унаа Курулуштан" жакында электробустар чыгарылат (ВИДЕО)


"Кыргыз Унаа Курулуш" заводу жакында электробустарды чыгара баштайт. Бул тууралуу аталган өндүрүш жайдын жетекчиси Абдуманап Кудайбердиев билдирди.


Анын айтымында, электробустар дээрлик 70%га  даяр болгон.


"Биз ата мекендик өндүрүштү, экологиялык жактан таза электробустарды чыгарууну каалайбыз. Бажы жабык болгондуктан   автобустарды чыгаруу бир кыйла кечеңдеди. Эгер чек ара жабылбаганда эчак даяр болмок. Азыр автобустардын тышкы түзүлүшүн кураштыруу этабы гана калды. Буйруса жакында Кыргызстандын электробустары чыгарыла баштайт", - деди жетекчи.


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Бексултан Айтназаров
Ушундай завод фабрикалар курулсун. Жумушка кантип кирсек болот?