Бугу 18, 2024
Убакыт: 15:26
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

"Кыргызалтын" ишканасына "good delivery" макамы кайтарылды

05.05.2022 07:17
785
"Кыргызалтын" ишканасына "good delivery" макамы кайтарылды

Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) "Кыргызалтын" ишканасынын алтын аффинаждоочу заводуна “good delivery” макамын кайтарып берди. Бул тууралуу 3-майда LBMAнын расмий сайтына жарыяланган маалыматта айтылат.


Бул статустун кайтарылышы менен “Кыргызалтындын” аффинаждоочу заводунда өндүрүлгөн алтын куймалары дүйнөдөгү “good delivery” макамы менен таанылган базарларга сата алат. LBMAнын соңку чечимин кыргыз өкмөтүнөн ырасташты.


“Министрлер Кабинети Лондондогу Баалуу металлдар ассоциациясынын чечимин кубаттайт. Бул чечим оңой болгон жок. “Кыргызалтын” ишканасы акыркы бир жылдагы окуяларда өлкөдөгү ири алтын кендин менчик ээси алмашкандан тарта көптөгөн аудит жана сынактардан өтүүгө туура келди. Биз LBMAнын алкагында дүйнөгө ишенимдүү алтын жана күмүш өндүрүүчү катары милдеттемелерди татыктуу аткарарыбызды көрсөттүк. Мындан ары да аффинаждоочу завод өз милдеттемелерин аткара берет” -деп айтылат Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун атынан таратылган билдирүүдө.


Өкмөттүн маалыматы боюнча макамдын кайтарылышы менен 2021-жылдын 17-сентябрынан тарта өндүрүлгөн алтын куймаларды тоскоолдуксуз сатууга жол ачылат.


Лондондогу Баалуу металлдар ассоциациясы “Кыргызалтындан» аффинаж заводунун аккредитациясын былтыр сентябрда токтоткон эле.


Булак: "Азаттык" үналгысы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн