Бугу 06, 2024
Убакыт: 18:21
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

"Кызыл зонада" иштеген кезектеги 182 медик Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

10.08.2020 12:05
1332
"Кызыл зонада" иштеген кезектеги 182 медик Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү


Бүгүн, 10-августта кезектеги 182 медициналык кызматкер Ысык-Көл облусундагы «Алтый Жай» пансионатына эс алууга жиберилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунан 2 адам, №2 ҮМБ - 6 адам, №8 Үй-бүлөлүк медицина борборунан 8 адам, №9 ҮМБ - 4 адам, №13 ҮМБ - 6 адам, Бишкек шаарынын мамлекеттик эпидемиологиялык борборунан 15 адам, Улуттук фтизиатрия борборунан 26 медик, №2 Клиникалык төрөт үйүнөн 10 адам, Улуттук госпиталдан 6 адам, Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунан 10 адам, Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар республикалык борборунан 5 адам,  Улуттук онкология жана гематология борборунан 2 адам, №6 шаардык клиникалык ооруканасынан 3 адам, Улуттук хирургиялык борборунан  2 адам, Бишкек шаардык балдар клиникалык ооруканасынан 13 кызматкер, Ысык-Көл облусунун медициналык мекемелеринен 54 адам эс алууга жөнөтүлдү. Алар 7 күн аралыгында пансионатта эс алып, ден соолуктарын чыңдашат. 


Буга чейин өкмөт инфекция очокторунда иштеген, COVID-19 жана пневмония менен ооруп айыккан медициналык кызматкерлердин ден соолугун калыбына келтирүү жана чыңдоону уюштуруу боюнча иштерди жүргүзүп баштаганын маалымдаган. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн