Бугу 20, 2024
Убакыт: 03:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

"Кызыл зонада" иштеген кезектеги 183 медик Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

04.09.2020 09:39
812
"Кызыл зонада" иштеген кезектеги 183 медик Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү


Коронавирус менен күрөшүү иштерине тартылган медициналык кызматкерлердин кезектеги тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Салматтык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, 3-сентябрда 183 ак халатчан Ысык-Көлгө жөнөтүлдү. Алар "Эне Сай" пансионатында 7 күн бою эс алышып, ден соолуктарын калыбына келтиришмекчи. 


Бул жолу инфекция очокторунда өз өмүрүн тобокелге салган Нарын жана Жалал-Абад облустарынын, Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлери эс алууга жолдомо алышты.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн