Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 20:56
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

"Комуз" жумалыгы. Министр А.Жаманкулов Н.Уралиевдин өнөрканасына барды

08.09.2020 14:44
1168
"Комуз" жумалыгы. Министр А.Жаманкулов Н.Уралиевдин өнөрканасына барды


Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов өлкөдө жарыяланган "Комуз" жумалыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү комузчу жана комуз усталардын көрүнүктүүлөрүнүн бири Намазбек Уралиевдин өнөрканасына барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, анда алар учурдагы комуз жасоонун келечеги, кыргыз күүлөрүн эл арасына жайылтуу, аны алтын фондуга жаздыруу, күү баяндары, комузчуларды видео тасмага жаздырып калуу боюнча баарлашып, аны келечекте ишке ашыруу боюнча пландашты.


Намазбек Уралиев бүгүнкү күндө Карамолдонун «Ибарат»,«Насыйкат», «Сынган бугу», «Терме камбаркан», «Жаш кербез», Ыбырайдын «Кеңеш», «Жаш тилек», «Жыргал күн», «Боз салкын» жана башка залкар күүлөрдү аткарып, республикалык деңгээлдеги ири иш-чараларга активдүү катышып келет. 


Ошондой эле, өзүнүн «Эне жүрөгү», «Эмгек шаңы», «Ысык-Көл», «Алтын ордо» жана башка күүлөрүн улуу комузчу Карамолдонун үлгүсүндө чыгарганы менен белгилүү.


Залкар комузчулардын 50дөн ашык күүлөрүн  Коомдук телерадиокорпорациясынын алтын фондуна жаздырган. Ал комуз чертүү менен бирге байыркы аспапты да келтире чапкан чоң уста катары Кыргызстанда белгилүү. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн