Бугу 11, 2024
Убакыт: 02:07
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

"Коопсуз шаар" боюнча 1 млрд 850 млн сом айып төлөнгөн

28.07.2021 11:39
542
"Коопсуз шаар" боюнча 1 млрд 850 млн сом айып төлөнгөн



Кыргыз Республикасында “Коопсуз шаар” компонентинин “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруу жол-транспорттук кырсыктардын санын азайтууга жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого, жол инфраструктурасын модернизациялоого, андан сырткары тиешелүү чараларды көрүү үчүн учурдагы абал жөнүндө статистикалык маалыматтарды топтоого жана талдоого багытталган.  Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Кыргыз Республикасында “Коопсуз шаар” компонентинин “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруу жол-транспорттук кырсыктардын санын азайтууга жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого, жол инфраструктурасын модернизациялоого, андан сырткары тиешелүү чараларды көрүү үчүн учурдагы абал жөнүндө статистикалык маалыматтарды топтоого жана талдоого багытталган. 

  Ошентип, долбоордун биринчи этабын ишке ашыруунун алкагында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында жол кыймылынын эрежелерин бузууларды эсепке алуу үчүн 90 стационардык жана 20 көчмө аппараттык-программалык комплекс орнотулган. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Мониторинг борбору тарабынан жол кыймылынын эрежелерин бузуу жөнүндө 2 млн. 513 миң 618 токтом чыгарылган, анын ичинен 1 млн. 675 миң 889 бузуулар жөнүндө токтомуна (66,6% ды түзөт) 1 миллиард 850 миллион 523 миң 915 сом төлөнгөн.

Ички иштер министрлигинин ЖКККББнын Мониторинг борбору Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексинин талаптарын аткаруу үчүн туумдарды чегерүү боюнча 74998 токтомду Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы Сот департаментине жалпы суммасы 236 млн 758 миң сомду мажбурлап аткаруу үчүн жөнөткөн. 

2019-жылдын 4-мартынан 2021-жылдын 22-июлуна чейин консультативдик-түшүндүрмө мүнөздөгү суроолор менен кайрылган 296 миң 231 жаран менен иш жүргүзүлүп, анын ичинен бөлүмгө 100 тыс. 905 жаран кайрылышкан. Чалуу борборуна (100 кыска номери) 176 миң 856 жаран кайрылган, онлайн режиминде WhatsApp (0706 63 09 00) номери аркылуу Мамлекеттик каттоо кызматына тиешелүү маселелер боюнча 18 миң 470 SMS билдирүүлөр келип түшкөн, тактап айтканда, транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоодон өткөрүү, ошондой эле чет өлкөлүк автомототранспорттуккаражаттар боюнча  37 миң 914 жаран кайрылган. 

 Отчеттук мезгилде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин  Бузуулар жөнүндө иштер боюнча комиссиясынын кароосуна  8547  бузуулар жөнүндө кайрылуу келип түшкөн. Комиссиянын 132 отуруму болуп, анда 8519 жол кыймылынын эрежесин бузуу иши каралып, анын ичинен жол кыймылынын эрежелерин бузуу иши боюнча 2116 токтом кабыл алынып, күчүндө калтырылса, ал эми  негиздүүлүгү боюнча 6403 бузуулар токтотулган. Учурда өндүрүштө 28 иш бар.

   Жалпысынан, отчеттук мезгилде сотко 227 жол эрежесин бузуу иши келип түшкөн, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жол эрежесин бузуу боюнча 225 иш соттордо каралган. 

  Долбоор башталгандан баштап, “Коопсуз шаар” автоматташтырылган маалыматтык тутумду колдонуп, Мониторинг борборунун кызматкерлери кылмыштардын тез арада ачылышына көмөктөшкөндүгүн белгилей кетүү керек.

 Мындан тышкары, “Коопсуз шаар”  долбоорунун экинчи этабы башталды, ал республиканын бардык аймагын камтыйт: 7 облус, 2 республикалык маанидеги шаар, 15 облустук жана райондук маанидеги шаар, 73 калктуу конуш. Долбоордун экинчи этабынын алкагында 306 пунктту (266 стационардык жана 40 көчмө) аппараттык-программалык комплекстер менен камтуу мерчемделүүдө.

   Долбоор Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында башталган. 2019-жылы “Коопсуз шаардын”  экинчи этабын ишке ашыруу боюнча тендерди Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd” кытайлык ишкана жүргүзүүдө.

 

 ИИМдин Басма сөз кызматы


  Ошентип, Долбоордун биринчи этабын ишке ашыруунун алкагында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында жол кыймылынын эрежелерин бузууларды эсепке алуу үчүн 90 стационардык жана 20 көчмө аппараттык-программалык комплекс орнотулган. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Мониторинг борбору тарабынан жол кыймылынын эрежелерин бузуу жөнүндө 2 млн. 513 миң 618 токтом чыгарылган, анын ичинен 1 млн. 675 миң 889 бузуулар жөнүндө токтомуна (66,6% ды түзөт) 1 миллиард 850 миллион 523 миң 915 сом төлөнгөн.


Ички иштер министрлигинин ЖКККББнын Мониторинг борбору Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексинин талаптарын аткаруу үчүн туумдарды чегерүү боюнча 74998 токтомду Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы Сот департаментине жалпы суммасы 236 млн 758 миң сомду мажбурлап аткаруу үчүн жөнөткөн. 


2019-жылдын 4-мартынан 2021-жылдын 22-июлуна чейин консультативдик-түшүндүрмө мүнөздөгү суроолор менен кайрылган 296 миң 231 жаран менен иш жүргүзүлүп, анын ичинен бөлүмгө 100 тыс. 905 жаран кайрылышкан. Чалуу борборуна (100 кыска номери) 176 миң 856 жаран кайрылган, онлайн режиминде WhatsApp (0706 63 09 00) номери аркылуу Мамлекеттик каттоо кызматына тиешелүү маселелер боюнча 18 миң 470 SMS билдирүүлөр келип түшкөн, тактап айтканда, транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоодон өткөрүү, ошондой эле чет өлкөлүк автомототранспорттуккаражаттар боюнча 37 миң 914 жаран кайрылган. 


 Отчеттук мезгилде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бузуулар жөнүндө иштер боюнча комиссиясынын кароосуна 8547 бузуулар жөнүндө кайрылуу келип түшкөн. Комиссиянын 132 отуруму болуп, анда 8519 жол кыймылынын эрежесин бузуу иши каралып, анын ичинен жол кыймылынын эрежелерин бузуу иши боюнча 2116 токтом кабыл алынып, күчүндө калтырылса, ал эми негиздүүлүгү боюнча 6403 бузуулар токтотулган. Учурда өндүрүштө 28 иш бар.


   Жалпысынан, отчеттук мезгилде сотко 227 жол эрежесин бузуу иши келип түшкөн, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жол эрежесин бузуу боюнча 225 иш соттордо каралган. 


  Долбоор башталгандан баштап, “Коопсуз шаар” автоматташтырылган маалыматтык тутумду колдонуп, Мониторинг борборунун кызматкерлери кылмыштардын тез арада ачылышына көмөктөшкөндүгүн белгилей кетүү керек.


 Мындан тышкары, “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы башталды, ал республиканын бардык аймагын камтыйт: 7 облус, 2 республикалык маанидеги шаар, 15 облустук жана райондук маанидеги шаар, 73 калктуу конуш. Долбоордун экинчи этабынын алкагында 306 пунктту (266 стационардык жана 40 көчмө) аппараттык-программалык комплекстер менен камтуу мерчемделүүдө.


   Долбоор Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында башталган. 2019-жылы “Коопсуз шаардын” экинчи этабын ишке ашыруу боюнча тендерди Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd” кытайлык ишкана жүргүзүүдө.

 

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн