Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 02:36
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

"Крокустагы" теракт: Сотко сегизинчи шектүү теги кыргызстандык жаран алынып келинди

26.03.2024 15:37
105
"Крокустагы" теракт: Сотко сегизинчи шектүү теги кыргызстандык жаран алынып келинди


"Крокус Сити Холлдогу" теракт боюнча сегизинчи айыпталуучу Москванын Басман сотуна алып келинди. Орусиянын Тергөө комитети 32 жаштагы Алишер Касимовду камакка алуу өтүнүчү менен кайрылууда.


“Абайлаңыз, жаңылыктар” Telegram каналынын маалыматы боюнча, Алишер Касимов Красногорск шаарындагы ишкер. Тергөө аныктагандай, ал "Crocus City Hall" оюн-зоок борборундагы терактка шектүүлөргө батир ижарага берген. Алишер Касимов сотто террористтердин "Crocus" боюнча пландары тууралуу эч нерсе билбестигин, аларга "Avito" кызматы аркылуу жөн гана батирди ижарага бергенин айтты.


Алишер Касимов 1993-жылы туулган. Ал Орусиянын жараны, Ош шаарында (Кыргызстан) туулган, Красногорск шаарында жашайт, үч баласы бар.


Агасы менен бирге чайкана иштетет.


Эске сала кетсек, 22-мартта Москванын жанындагы Crocus City Hall имаратында теракт болгон.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн