Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 00:38
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

"Кудайберген" базарында иштеген адамды күндүз эле көчөдө бычактап салды (Видео)

09.04.2021 19:14
7315
"Кудайберген" базарында иштеген адамды күндүз эле көчөдө бычактап салды (Видео)

Бүгүн, 9-апрелде саат 15:39да "Кудайберген" базарында иштеген Артур Богданов аттуу жаранды көчөдө бычактап кетишти. Бул тууралуу анын бир тууганы Анна Богданова билдирди.


Анын айтымында, Артур иштеген жерге үч дос жигиттер келген. Алардын ортосунда чатак чыгып, мушташа кеткен.


Артур Николай аттуу жаранды щетка менен урган. Ал болсо, ошол жерде Артурду бычактап салган.


"Милиция окуя болгон жерге келип Николайдын досторун кармап, күбө катары сурак алып бошотуп жиберди. Ал эми Николайды кармай элек" ,- деди Анна Богданова.


Артурдун артында бир кичинекей наристеси жана кош бойлуу жубайы калды.


Теги

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Арси.
Крышасы кеткен немелер го. Эми кылган ишине кооп ойлонууга убактысы толтура болот))) Рлссиядагыдай болуп калды озу. Ал жакта дагы чакалайдын чак тушундо бири-бирин бычактай беришет го)))
Тахминп
Жаман болуптур