Теке 03, 2024
Убакыт: 03:29
USD
86.10
87.00
EUR
92.20
93.20
RUB
0.960
1.010

"Кулунду" заставасынын башчысы тажиктер кантип чатак баштаганын айтып берди

04.05.2021 19:03
818
"Кулунду" заставасынын  башчысы тажиктер кантип чатак баштаганын айтып берди


Тажикстандын чек арачылары бизге биринчи кол салды. Бул тууралуу "Кулунду" тозотунун башчысы Улукбек Акмазиев VB.KGге берген маегинде билдирди.

 

«Саат 16:00 чамасында Тажикстандын чек арачылары жана оор аскер техникалар чогулуп баштаганын байкадык. Болжол менен 17.45те миномет жана оор аскер техникалары менен бизге чабуул жасай башташты. Алар бир жарым саат бою минометтон ок чыгарышты. Андан кийин жөө аскерлери келди, алардын арасында карапайым адамдар да бар болчу», - деди ал. 

 

«Биз тарап бул чабуул жөнүндө билген эмес деген чынбы?» - деген суроого: «Бизде андай маалымат болгон эмес. Мен заставанын башчысы катары кандайдыр бир окуя болот деп болжолдогом, бирок биз мындай масштабдуу кол салууну күткөн эмеспиз. Бул ачыктан ачык агрессия болгон. Алар «Аллах Акбар» деп кыйкырышып, чек ара тозотуна кол салышты», - деп жооп берген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн