Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 21:38
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

"Кумтөрдө" дагы 300 тонна алтын барбы?

20.11.2020 10:31
747
"Кумтөрдө" дагы 300 тонна алтын барбы?

"Центерра Голд Инк" компаниясы 2020-жылдын 9 айлык алтын өндүрүмү боюнча маалымат чыгарды. Бул тууралуу маалымат "Центерранын" расмий сайтына чыкты. 


Сайттага маалыматка ылайык, 2020-жылдын 9 айында  Кумтөр алтын кенинен 14,5 тонна (465734 унций) алтын өндүрүлгөн. Бул эсеп былтыркы жылы 9 айда  451600 унцийди түзгөн эле. Азыркы кезде бир унций алтындын баасы 1900 долларды түзөт. Мындан улам "Центерра" 465734 унций алтынды 885 миллион долларга баалайт. 


Маалыматта компания КРнын мамлекеттик казынасына 10 миллиард сом төккөнү көрсөтүлгөн. 

Белгилей кетсек, "Кумтөр" алтын кенинде таза алтындын запасы 716 тонна экени белгилүү болгон. Азыр жалпы 400 тонна алтын казылып алынса, дагы 300 тонна запас барбы?  Бул алтынды азыркы баа менен баалаганда 18 миллиард долларды чапчыйт.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Бар алтын.Мааниси калбады деп артка кеткени Жапаровдун тушунуксуз.Дегеле айткандарын тескери жасоодо