Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 17-майда «Кумтөр Голд Компани» ишканасына Тенгиз Бөлтүрүктү сырттан башкаруучу кылып дайындады. Бул тууралуу "Кактус.медиа" басылмасы жазды.
Бөлтүрүктүн бул кызматка талапкерлигин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду сунуштаганы кабарланды.
Жогорку Кеңештин депутаттары 17-майдагы кезексиз отурумда «Кумтөр Голд Компаниге» сырттан башкаруу киргизүү токтомун жактырган. Мындай чечим алтын казуучу компаниянын жетекчилиги экологиялык зыянды жоюу боюнча чараларды көрбөй жатканынан улам кабыл алынды.
Ошондой эле, парламент Кумтөр кенин иштеткен компаниянын ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын мөөнөтүн үч айга узартууга да макулдугун берди.
Бөлтүрүк «Кумтөр Голд» ишканасын үч ай башкарат. Анын карамагына компаниянын каржылык жана административдик-чарбалык ишмердүүлүгү өткөрүлөт. Ал эми «Кумтөр Голд Компанинин» директорлор кеңеши же акционерлердин жалпы чогулушу анын ишмердүүлүгүнө кийлигише албайт.
Тенгиз Бөлтүрүк деген ким?
Бөлтүрүк Ысык-Көл облусунун Түп айылында туулган. Ал Москвада «пайдалуу кендерди байытуу» адистиги боюнча окуп, 1980-жылдардын аягында Орусиянын Ыраакы чыгышында иштеген. Кийинчерээк, 1990-жылы ал Кыргызстанга кайтып, Айдаркен, Солтон-Сары жана Кумтөр кендеринде иштеген.
Ал эми 1998-жылы Бөлтүрүк адистиги боюнча Германияда аспирантурага тапшырып, 2002-жылы аны аяктаган. Ошол эле жылы ал Канадага миграцияга кеткен. Бөлтүрүк канадалык инженердин лицензиясына ээ болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн