Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 07:46
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

"Кумтөргө" тышкы башкаруу киргенден бери канча алтын сатылганы айтылды

25.06.2021 10:37
2949
"Кумтөргө" тышкы башкаруу киргенден бери канча алтын сатылганы айтылды


Тышкы башкаруу киргенден бери "Кумтөр голд компани" 44 миң унций алтын сатып, жалпы түшкөн акча 82,234 миллион долларды түздү. Бул тууралуу аталган компаниядан маалымдашты.


Ишкана "Кумтөр" учурда адаттагы тартипте иштеп жаткандыгын айтып, алтынды сатуу боюнча маалымат берди.

"Дүң пайда 40,282 миллион доллардын тегерегинде болуп, өзүнүн баасы 41,952 миллион долларды түздү", — деп айтылган маалыматта.


Компания алтындын баасы туруктуу болбой өзгөрүп турганынан улам 16 унций 1813,15 долларга сатылганын, ал эми 28 унцийдин ичинен экинчи партиясы 1893,15 доллардан соодалангандыгын эске салды.


Маалыматта компаниянын бардык салыктар менен бюджетке которулчу акчаларды төлөгөндүгү айтылган. Ишкана кызматкерлеринин айлыгы өз учурунда берилип, керектелүүчү товарларды жеткирип тургандар, кызмат көрсөткөндөр менен толук эсептешүү болгондугун билдиришкен.


Алар тараткан маалыматтын аягына компания мурдагысындай эле ишинде ачыктык принцибин карманарын, мындан ары анын иши Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде жүргүзүлөрүн билдирген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн