Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 13:30
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

"Манас айылы" дээрлик үч эсе чоңойтулат

29.04.2022 18:52
845
"Манас айылы" дээрлик үч эсе чоңойтулат

 “Манас айылы” этнографиялык комплекси реконструкциялоо иштеринен кийин дээрлик үч эсе кеңейет. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.


"“Манас айылы” эми көркүнө чыгат. Аянты азыркыдан дээрлик үч эсе кеңейет! Бишкектин тургундары менен меймандарынын эң бир сүйүктүү, эң көп барган жери болот деп ишенем. Долбоорду президент Жапаров кубаттап, аны ишке ашырууну тездетүү тапшырмасын берди.


Буюрса, “Манас айылы” улуттук колориттеги жалпы кыргыз эли сыймыктанган комплекс болот", - деп жазган Султанбаев.


Белгилей кетсек, бүгүн президент “Манас айылы” этнографиялык комплексин реконструкциялоо боюнча долбоор менен таанышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн