“Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коому 2001-жылдан бери көмөк көрсөтүп келген, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы жетим балдарды жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын келе жаткан жаңы жылдары менен куттуктады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирет.
Салт боюнча жаңы жылдык балаты, 2021-жылдын 27-декабрында Лебединовка айылындагы И.Айдарбеков атындагы №1 мектеп-гимназиясынын залында өтүп, ага 129 жетим балдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары катышты. Жаңы жылдык балатыда Аяз ата, аяз кыз жана кар кишинин образын жараткан сахналаштырылган майрамдык концерт уюштурулду.
Өз кезегинде, “МЭА” ААКнын өкүлдөрү балдарга бекем ден-соолук жана окууларына ийгилик каалап өтүштү.
Майрамдык концерттин аягында, “Манас” эл аралык аэропортунун атынан балдарга белектер таратылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн