Кыргызстан учактарды сатып алганы жатканы тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун билдирүүсү боюнча өкмөттүн аракеттери кандай жүрүп жатканына депутат Алтынбек Жунус уулу кызыкты.
Бүгүн, 20- майда Жогорку Кеңештин жыйынында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин расмий өкүлү билдиргендей, "Эйр Кыргызстан" мамлекеттик авиакомпаниясынын долбоору менен алынганы жатат. Германиялык авиакомпания менен келишим түзүлүп, бул немец компаниясы менен болгон макулдашуудан кийин 5 учак алына турган болгон.
“Учурда пандемияга байланыштуу сүйлөшүү процесстери узарып кеткендигинен улам кечеңдеп жатат. Бул иштери тездетүү максатында “Скай Азия” деген компания менен дагы параллелдүү иштеп жатышат. Болгариядан дагы эки учак алуу тууралуу келишим түзүштү. Жакынкы аралыкта эки компания менен түзүлгөн сүйлөшүүлөр аягына чыгат”, - деди министрликтин өкүлү.
Депутат Алтынбек Жунус уулу бул учактарды
алууга ”Эйр Кыргызстан” кайсы акча каражаттарын сарптай турганы кызыктырып жатканын
айтып, “Эгерде “Манас” эл аралык аэропортунун базасында алына турган болсо
ишенет элек. Анткени аэропорт ар бир учуучудан 15 доллардан алат экен. Ошол акчага
алабыз десе чындыкка жакындайт", - деди депутат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн