Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:12
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

"Манас" аэропортуна бара жаткан жолдо 44 жаштагы жаран баңгизат менен кармалды

26.10.2023 16:51
372
"Манас" аэропортуна бара жаткан жолдо 44 жаштагы жаран баңгизат менен кармалды


Манас аэропорту – Бишкек жолунда баңгизат алып бара жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 5-октябрында УКМК тарабынан Чүй облусунун Сокулук районундагы Комсомольское айылынын жанындагы Манас аэропорту – Бишкек унаа жолунда КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси ("Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо") боюнча Токмок шаарынын тургуну 1979-жылы туулган Ю.У.Э. кармалды, унаасынан жалпы салмагы 415 граммды түзгөн “Альфа-PVP” аталышындагы синтетикалык баңгизаты, ошондой эле жалпы салмагы 114 граммды түзгөн "мефедрон" баңгизаты табылып, алынган.

Кармалган Ю.У.Э. УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн