"Манаc" эпосу немис тилине которулду. Бул тууралуу Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Манас – баатырдык эпос” китеби сүрөт түрүндө жана немис тилинде басылып чыккан.
"Кыргыз маданиятынын тарыхынын маанилүү бөлүгү катары бул эмгек азыр немис тилдүү окурмандарга да жеткиликтүү болду. Сиздер китепти кыргыз-немис дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чараларыбыздын алкагында сатып алсаңыздар болот”, - деп айтылат билдирүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн