Бүгүн, 23-августта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаров Токио-2020 Олимпиада оюндарында байгелүү орундарды камсыздаган спортчуларды жана катышуучуларга сыйлыктарды тапшырды.
Күмүш медаль уткан Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбековага 10 миллион сом, II даражадагы "Манас" ордени, коло медаль жеңип алган Мээрим Жуманазаровага 7 миллион сом, III даражадагы "Манас" ордени жана Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унаа белек кылынды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн