Бугу 15, 2024
Убакыт: 13:48
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

"Мегаком" компаниясы аукционго коюлган радиожыштыкты сатып алды

05.04.2021 09:27
813
"Мегаком" компаниясы аукционго коюлган радиожыштыкты сатып алды

Өкмөткө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматы (9-мартта радио жыштык спектрин аукционго чыгарып сатты. Бул тууралуу "Азаттык" үналгысы билдирди.


Маалыматка ылайык, Бишкек менен Ош шаарын кошпогондо Кыргызстандын бардык аймагын камтыган туурасы 40 МГц болгон 2300 - 2340 МГц радиожыштыктары 74 млн. 205 миң сомго бааланган. Сынакка «Мегаком» деген соода бренди менен таанымал «Альфа Телеком» компаниясы гана катышып 77 млн. 915 миң сомго сатып алган.


10-мартта жогорудагы эки шаардан башка Кыргызстандын бардык аймагын камтыган дагы бир туурасы 20 МГц болгон 2380 - 2400 МГц радиожыштыктары 37 млн. 102 миң сомго аукционго коюлган. Бул жыштыктарда да «Мегаком» ишканасы 38 млн. 957 миң сомго утуп алган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн