"Мисс Бишкек-2012", "Вице-мисс Кыргызстан-2013" сыйлыктарынын ээси Зульфира Эркинбекова каза болду. Бул тууралуу анын жакындары кабарлаган.
Белгилүү болгондой, Эркинбековага рактын 4-баскычы деген диагноз коюлган. Жакында анын жакындары ага тез арада операция жасатуу керектигин билдирген.
Зульфира Эркинбекова 27 жашында каза болуп, артында 4 айлык уулу жана 5 жаштагы кызы калды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн