Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 14:46
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

"Мурас" турнири: Чейрек финалга чыккан командалар белгилүү болду

27.05.2023 19:52
391
"Мурас" турнири: Чейрек финалга чыккан командалар белгилүү болду

Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда футбол боюнча салтка айланган "Мурас" достук турниринин биринчи күнү аяктады.


Бүгүн, 27-майда, 16 команданын ичинен чейрек финалга чыгуу үчүн группалар арасындагы оюндар өттү.


Группалык этаптын жыйынтыгы боюнча чейрек финалга төмөнкү командалар чыгышты:


"Президенттин командасы" – "Спорт жылдыздары";


"Коопсуздук" – "Ыйман";


"Спорттук федерациялар" – "Достук";


"Өнөр" – "Ден-Соолук".


Эртең, 28-майда "Газпром- балдарга" дене тарбия-ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде чейрек финал, жарым финал жана финалдык оюндар өтөт.


Оюндарды УТРК түз эфирде көрсөтөт.


Түз алып баруу саат 10:00дө башталат.


Белгилей кетсек, турнирди көрүүнү каалагандардын бардыгы үчүн "Газпром - балдарга" спорт комплексине кирүү акысыз.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн