Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 01:27
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

"Не сахар". Көкүлов парламенттик шайлоого катышат

30.01.2021 14:34
1075
"Не сахар". Көкүлов парламенттик шайлоого катышат

"Не сахар" берүүсүнүн автору, блогер Эрулан Көкүловдун алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу ниети бар экенин айтты. Бул тууралуу ал «Маралга» берген маегинде билдирди.


«Саясатка баруум саясатчы болуу үчүн эмес. Депутат болсом, учурда аткарып жаткан иштер бир аз жеңилирээк болмок. Санэпидкөзөмөл борборуна жетекчи болуу боюнча кайрылуума жогору жактан реакция болгон жок. Мен бир да протокол жазбай, эч кандай айып салбай эле оңдодум. Элге билинбегени менен өзгөрүү бар экенин көрүп жатам», — дейт Көкүлов.


Ал адам колунан келген нерсесин жасашы керектигин белгилеп, Санэпидкөзөмөл борборун жетектөөгө даяр экенин айтты.

Мындан сырткары, "Реформа" партиясынын мүчөлүгүнөн чыккан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн