ИИМ "ОК платформа" интернет-сайтынан жабыркагандарды кайрылууну суранат. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Жаран Ж.К. ИИМдин Тергөө кызматына кайрылып, С.И.Эгембердиевге карата чара көрүүнү суранган. Себеби, ал 2022-жылдын сентябрынан ноябрь айына чейин «ОК Платформасынын» сайты аркылуу каражаттарды көбөйтүү шылтоосу менен пирамидалык схеманы уюштуруп, алдамчылык жолу менен 23 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаттарын ээлеп алган.
Аталган факты, ИИМдин Кылмыштардын бирдиктүү реестирине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (финансы пирамидаларын уюштуруу) менен кылмыш иши козголгон.
2022-жылдын 24-декабрында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2-башкармалыгын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттеринин негизинде жаран С.Н.Эгембердиев кармалып келип, кылмышка шектүү адам катарында Бишкек шаардык ИИББнын УКЖсына киргизилген.
2022-жылдын 25-декабрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан анын баш коргоо чарасы каралып, айыпкер С.Н.Эгембердиевдин бөгөт коюу чарасы Бишкек шаарында жайгашкан Тергөө абагына камакка алуу түрү тандалган.
Мындан тышкары, тергөөнүн жүрүшүндө 28 жаран ушундай эле арыз-даттануулар менен республиканын ИИОнун шаардык жана райондук бөлүмдөрүнө кайрылышып, арызда көрсөтүлгөн дооматтардын негизинде кылмыш иштери козголуп, бардык иштер бир өндүрүшкө бириктирилип тергөө иштери башталган.
Учурда аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана тергөөгө камсыз кылуу багытында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле, жогоруда аталган адамдын кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган адамдарды аныктоо иштери улантылууда.
Буга байланыштуу, шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан бардык жарандарды ИИМдин Тергөө кызматына кайрылууну суранабыз.
Байланыш телефондору: 0550233747, 0702373770, 0773398585, 0709008887 , 0312266108.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн