Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:19
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

"Ош базарында" 118 миңдик iPhone уурдаган жаран кармалды

10.02.2022 12:56
381
"Ош базарында" 118 миңдик iPhone уурдаган жаран кармалды

Бишкекте баасы 118 миң сомдук iPhone 13 Pro Max уюлдук телефонун уурдап кеткен адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 7-февралында милицияга Ж.М., аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арыз ээси 6-февралда болжол менен саат 12:20да "Ош" базарынын аймагында белгисиз жаран ачык түрдө 118 миң сомдук уюлдук телефонун алып, белгисиз тарапка качып кеткендигин айткан.


Аталган факт Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБнын Кылмыштардын бирдиктүү реестрына катталып, КРнын Кылмыш жаза кодексинин 206 ("тоноо") фактысы менен кылмыш иши козголгон.


Тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектелип К.А., аттуу жаран кармалган.


Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун аныктоо боюнча тийиштүү тергөө иштери жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн