Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:57
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

"Президент коррупцияга болгон күрөштү катуу баштады",- Шеримкулов

27.08.2021 09:00
2040
"Президент коррупцияга болгон күрөштү катуу баштады",- Шеримкулов



Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы дыгы келе жатат. Бул жылдары биздин өлкө эмнеге жетише алды, эмнени эптей албадык? Мына ушул боюнча коомдук ишмер Медеткан Шеримкулов агабыздан эки ооз кеп.


- Биз кыргыздар, кыргызстандыктар 30 жыл мурда өзүбүздүн эгемендүү, көз карандысыз суверендүү, демократиялуу Кыргыз Республикасын түздүк. Биз мамлекетибиздин жөн гана атын атап койбостон экономикалык, финансылык, социалдык, саясий фундаментин тургуза алдык. Бул жылдар аралыгында үч жолу мамлекеттик төңкөрүш жасап, үч президентти куудук, кан төгүлдү. Бирок, бүгүнкү күнгө жетип отурабыз. Баштан бир топ кыйынчылыктар өттү.


Кыргызстандын түндүгүн бир жакка, түштүгүн бир жакка берип, башка мамлекеттерге кошуп коюу деген опурталдуу тамашалар (чындыгына жараша) ишке ашпастан, канчалык кыйынчылык болбосун биздин мамлекетибиз фундаментин, биримдигин сактап калдык. Бул биздин жетишкендигибиз болду.


Ал эми 30 жыл ичинде бийликти басып алуу, өзгөртүп коюу, мамлекеттик төңкөрүш жасап жиберүүнү өнөкөткө айлантып ийдик. Экинчи кемчилигибиз катары өлкөдөгү коррупцияны айтсак болот. Эгемендик алгандан бери бир да президентибиз коррупцияга малынбай кеткен жок. Ушунун баары мамлекеттин өнүгүшүнө кедергисин тийгизбей коё албады. Жаңы келген президент коррупцияга болгон күрөштү катуу баштап отурат. Эгер ушу багытта жемиштүү иштерди жүзөгө ашыра турган болсо, эң ириде бардыгына бирдей мыйзамдын негизинде болуу керек. Тартип, өзүнүн системасы, багыты болгон оң.


Булак: Азия News гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн