Бугу 07, 2024
Убакыт: 05:28
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

"Президенттин чек ара тууралуу сүйлөгөн сөзү бурмаланууда"

29.10.2021 12:24
739
"Президенттин чек ара тууралуу сүйлөгөн сөзү бурмаланууда"

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев президент Садыр Жапаровдун чек ара тууралуу айткан сөзү бурмаланып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.


"Президент Жапаровдун кыргыз-тажик чек арасы боюнча айткандары айрым кызыкдар тараптар тарабынан бурмаланууда. Алар эки тарапты кайраштырууга аракет кылып, соцтармакка ар кыл жалган, текстти өз сөзү менен окуган видеоматериалдарды салышууда. 


Албетте, чек ара маселеси бир эле тараптын кызыкчылыгында чечилбейт. Сөзсүз түрдө эки тараптын тең кызыкчылыктары эске алынышы керек. Ошондо гана биз бул көйгөйдү тынчтык жолу менен чече алабыз. Кыргыз тарап, биз бир пикирге келип жана бардыгын тынчтык жолу менен чечебиз деп ишенет",- деп билдирүү калтырган Султанбаев.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн