10-августта Хельсинки шаарында өткөн Европанын Суперкубогу үчүн беттеште Испаниянын "Реал Мадрид" клубу жеңди.
Чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү "Реал Мадрид" менен Европа лигасынын чемпиону германиялык "Айнтрахт" командасы кез келген оюн 2:0 эсебинде аяктады.
Ошентип, "Реал Мадрид" Европанын Суперкубогун эң көп уткан командалардын катарына кошулду.
Ал эми клубдун жылдызы Карим Бензема "Реал Мадриддин" бомбардирлер тизмесинде экинчи орунга көтөрүлдү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн