Баш оона 04, 2025
Убакыт: 15:49
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.085
1.110

"Рух Санат" фестивалынын баш байгесине кыргызстандык “Акак” комузчулар тобу татыды

04.08.2025 11:44
23
"Рух Санат" фестивалынын баш байгесине кыргызстандык “Акак” комузчулар тобу татыды


Кечээ Ысык-Көлдүн жээгинде дүйнөлүк "Рух санат" салттуу маданият жана музыка фестивалынын алкагында уюштурулган Эл аралык оозеки-кесиптик музыкалык искусство аткаруучуларынын конкурсунун жыйынтыгы чыгарылды.


Сынактын эки күнүндө Чолпон-Атадагы "Рух Ордо" маданий борборунун сахнасы 14 өлкөдөн 82 катышуучуну – жеке аткаруучуларды жана чыгармачыл топторду кабыл алды.


Уюштуруучулардын айтымында, сынак уникалдуу аянтчага айланып, анда байыркы музыкалык салттарды алып жүрүүчүлөр, изилдөөчүлөр, продюсерлер, чеберлер жана материалдык эмес маданий мурастарды сактоо менен алектенгендер бир чөйрөдө жолугушту.


Сынакка Япония, Индия, Египет, Түштүк Корея, Польша, Бангладеш, Гвинея, Эстония, Венгрия, Россия, Казакстан, Непал, Өзбекстан, Кыргызстандан 8 жеке ырчы жана чет өлкөлөрдөн 12 чыгармачыл топ катышты.

Кыргызстандын атынан үч жеке ырчы жана үч топ катышып, өлкөнүн бай музыкалык дүйнөсүн таамай тартуулай алышты.


Катышуучулардын өнөрүнө дүйнөнүн ар кайсы аймактарынан келген жети эксперттен турган эл аралык калыстар тобу баа берди. Алар 10 баллдык жашыруун добуш берүү системасы боюнча иштешти.


Сынактын жалпы байге фонду 3 млн сомду түзгөн.

Конкурстун жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр төмөнкүдөй аныкталды:


- Баш байге 500 миң сом кыргызстандык “Акак” комузчулар тобуна ыйгарылды.


- "Жеке аткаруучу" номинациясында 1-орун Донгак Найданга (Россия) 200 миң сом жана Салтанат Кайрат кызына (Казакстан) 200 миң сом;


- "Топ" номинациясында 1-орун “Хараача” (Россия) 300 миң сом жана “Тенгри Саз” (Казакстан) 300 миң сом;


- "Жеке аткаруучу" номинациясында 2-орун Гузал Муминовага (Өзбекстан) 150 миң сом жана Чолпон Мелисбековага (Кыргызстан) 150 миң сом;


- "Топ" номинациясында 2-орун “Кербез” (Кыргызстан) 200 миң сом жана “Dibbo Gyaani” (Бангладеш) 200 миң сом;


- "Жеке аткаруучу" номинациясында 3-орун Кутманаалы Султанбековго (Кыргызстан) 100 миң сом, Акматбек Султановго (Кыргызстан) 100 миң сом жана Шухрат Холхуджаевге (Өзбекстан) 100 миң сом;


- "Топ" номинациясында 3-орун “Mystical Journey to India By Kartikeya Vashist жана Makrand Sanon (Индия) 150 миң сом жана “Cheon Gung” (Корея) 200 миң сом жана “Nippondaiko Takeru” (Япония) 150 миң сом ыйгарылды.


Салттуу маданиятты жана музыканы аздектеп күтүп келе жаткандыгы үчүн Эл аралык калыстар тобунун атайын диплому менен “Klara Dudas and Borbala Toreky duo” (Венгрия), “Super Trio” (Польша) жана “Каусар” (Казакстан) топтору сыйланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн