Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 09:08
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

"Шайлоо" системасындагы "мүчүлүштүк" боюнча адистин пикири

01.12.2021 17:26
4571
"Шайлоо" системасындагы "мүчүлүштүк" боюнча адистин пикири


Шайлоонун жыйынтыктары боюнча пикир


Автоматташтырылган башкаруу системалары менен тааныштыгы бар адам катары "Шайлоо" системасындагы "сбой" боюнча өз пикиримди айтып коюуга уруксат этиңиздер.


БШК берген маалымат боюнча "Шайлоо" системасы 3 бөлүктөн турат: 


1. Добуштарды эсептөөчү система (ДЭС)

2. Добуштарды чагылдыруучу система (ДЧС)

3. Добуштарды чагылдыруучу таблица (ДЧТ).


ДЭС менен ДЧС адамдын кийлигишүүсү жок иштейт, анткени ДЭСке маалымат шайлоо тилкелериндеги автоматташтырылган урналардан интернет аркылуу байланыш линияларынын жардамы менен түздөн-түз келип түшөт дагы, ДЧС ал маалыматты экранга чагылдырып турат. 


ДЭС менен ДЧСтеги маалыматты эч ким өзгөртө албайт, анткени:


1) Сервер жайгашкан бөлмөгө эч ким кире албайт

2) Кирсе да логин, паролду билбейт. 


Жомок болсо да болжоп көрөйлү. Макул, кимдир бирөө, кайсы бир жол менен серверге кирди дейли. Макул, логин паролду билди дейли. Макул, сервердеги бир параметрди өзгөрттү дейли. Бул учурда, сервердеги маалыматтар базасы такыр "каша" болуп, чаташып, "Шайлоо" системасы иштен чыгат. Бирок, мындай болгон жок, анткени шайлоо тилкелеринен келген маалыматтар өзгөргөн жок. Демек, маалыматтар базасы өз ордунда!


Анда эмне болду?


Добуштарды чагылдыруучу таблица (ДЧТ) - кадимки эле Excel-таблица. Андагы ар бир сапча менен мамычанын кесилишине (ячейкага) формула жазса болот. Менимче, проценттерди көрсөткөн жана алардын суммасын чыгарган ячейкаларга  формула жазган "адис" математиканы "өтө жакшы билгендиктен" ката кетирген. Байкашымча, ал ката кетиргенин деле билген эмес (билсе - дароо оңдомок). Эң негизгиси - булардын баары шайлоого чейин, тесттик режимде 7 эмес, 70 эмес, 700 жолу текшерилип, дайындалышы керек болчу!


Анан, шайлоо бүтүп, элдин баары жыйынтык күтүп калган мезгилде, проценттердин суммасы 100дөн ашып кетип, элдер телефон чала баштайт. БШКнын төрагасы, орун басарлары, чогуу иштеген балдар "адиске" кыйкырат, "Что ты натворил!" деп. Анан, ал байкуш мээси түтөп, катасын издей баштайт. Жанындагылар "подсказка" кылат. Ошентип, бир нече убакыттан кийин система ордуна келет.


Жыйынтыктап айтаарым:


1. Добуштарды эсептөөчү системада (ДЭС) "сбой" болгон жок.

2. Добуштарды чагылдыруучу системада (ДЧС) "сбой" болгон жок.

3. Добуштарды чагылдыруучу таблицада (ДЧТ) ката кетти! Бирок, ал шайлоонун жалпы жыйынтыгына эч кандай доо кетирген жок. Анын үстүнө, ката оңдолду!


PS: Хакердик атака боюнча бир-эки ооз сөз.


Кандай гана сайт болбосун, ал эки бөлүктөн турат:


1) Шаблон (сайттын сырткы көрүнүшү)

2) Маалыматтар базасы.


Сайтты башкаруучу панелге кириш үчүн өзүнчө, маалыматар базасына кириш үчүн өзүнчө логин, пароль колдонулат. Хакер деген ким? Хакер - бул кайсы бир системанын башкаруу панелине кирүүчү логин, паролду билип алып, зыянкечтик кылган адам. Эгер БШК сайтына атака кылган болсо, сайт иштебей калмак же анын ордуна башка бир нерсе чыкмак. Андай болгон жок. Ал эми маалыматтар базасына кириш үчүн бир нече этаптан турган аутентификациядан өтүү керек. Бул - жомокто эле болбосо, реалдуу турмушта мындай текшерүүдөн өткөн адамды кездештире элекмин. Ошондуктан, хакердик атака болду деген сөздөргө скептикалык көз караштамын.


Жээнбек Эралиев

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн