Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 20:17
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

"Шинний Центрдин" алдында мушташкандарды милиция кармады (ВИДЕО)

"Шинний Центрдин" алдында мушташкандарды милиция кармады (ВИДЕО)

Биринчи Май РИИБдин басма сөз кызматы көчөдө  мушташкан адамдардын видеосу боюнча комментарий берди. Видео социалдык тармактарга тарады.


Жаңжал 11-декабрда саат 14:00 чамасында Дэн-Сяопин проспектисиндеги "Шинний Центр" дүкөнүндө болгон.


Тасмадан белгилүү болгондой, жергиликтүү тургундар менен дүкөндүн администрациясынын ортосунда чыккан чырга унаалардын өтмөгүнүн тосулуп калганы себеп болгон. Оозеки мушташ мушташка айланып, окуя болгон жерге милиция кызматкерлери чакырылган.


Биринчи Май РИИБден билдиришкендей, мушташтын катышуучулары милиция мекемесине жеткирилди. 

Бул иш кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Тергөө иштери уланууда.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн