Бугу 14, 2024
Убакыт: 10:48
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

"Шумкардын" кызматкерлери самбо боюнча эл аралык мелдеште байгелүү орундарга ээ болушту

11.08.2021 14:09
609
"Шумкардын" кызматкерлери самбо боюнча эл аралык мелдеште байгелүү орундарга ээ болушту

Самбо боюнча эл аралык мелдеште ИИМдин ''Шумкар" атайын багыттагы полкунун кызматкерлери байгелүү орундарды ээлешти. Бул тууралуу ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Басма сөз кызматы билдирди.


 2021-жылдын 5-августунан 8-августка чейин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кызыл Жылдыз Орденинин кавалери Виталий Гордеевдин жаркын элесине арналган Самбо боюнча эл аралык мелдеш уюштурулган. Аталган мелдешке ИИМдин ''Шумкар" атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарында жайгашкан өзүнчө ротасынын кызматкерлери катышып байгелүү орундарды камсыздышты. 98 кг салмакта 1-орунду милициянын улук сержанты Бекболсун Керимбеков, 88 кг салмакта милициянын улук сержанты Бектур Идирисов, ошондой эле 98 кг жогорку салмакта 2-орунду милициянын улук сержанты Кадырбек уулу Бедиярбек камсыздаса, 98 кг жогору салмакта 3-орунду милициянын старшинасы Туратбеков Бексултан камсыз кылды. Мелдеште ийгилик жараткан кызматкерлерди рота командири милициянын подполковниги Р.Кожобеков куттуктап, кызматында жана спорт жаатында чоң жетишкендиктерди каалады.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн