Эмилбек Каптагаев "Сапат" билим берүү мекемесине аталган окуу тармагынын жетекчиси Орхан Инандынын атын ыйгарууну сунуштады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Орхан Ынанды мырзанын түптөп кеткен билим түзүмүн сактоого, ийгиликтүү башталган ишти улап кетүүгө кыргыз эли тикесинен тик турууга милдеттүү. Азыр "Сапат" деп аталган билим берүү түзүмүнө Орхан Ынанды мырзанын ысымын ыйгаруу зарыл, ал биз үчүн УЛУТТУК БААТЫР!",- деп пикирин калтырган Каптагаев.
Эске салсак, Орхан Инанды түрк атайын кызматынын операциясы менен Кыргызстандан уурдалып, чыгарылып кеткен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн