"Семёнов — Тянь-Шань" чокусунан дайынсыз жоголгон турист изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-июлда К.С. аттуу чет өлкөлүк жаран "Семёнов — Тянь-Шань" чокусуна чыгып кеткен бойдон байланышка чыкпай жаткандыгын айтып, туугандары ӨКМге карйылышкан.
Аталган жаран "Эдельвейс" тоодо куткаруу кошууну тарабынан тынымсыз изделүүдө.
Кечээ, 23-июлда саат 15:15те күн ысып, кар эрий баштагандыктан, кар көчкүдөгү куткаруу иштери убактылуу токтоп, куткаруу тобу Семёнов чокусунан Хижина Рацекага кайтышты. Издөөдөн жыйынтык болгон жок.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн