Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 07:00
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

"Спекулянттын" ээсине издөө жарыяланды, Салык кызматынын инспектору кармалды

"Спекулянттын" ээсине издөө жарыяланды, Салык кызматынын инспектору кармалды

 "Спекулант" жана "НТК" ЖЧКсынын жетекчилери Василий Щербина жана Шахноза Якубжановага издөө жарыяланды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


""Спекулант" жана"НТК"   коммерциялык компаниялардын жетекчилери Василий Щербина жана Шахноза Якубжановага карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча шек саноо жөнүндө билдирүү сыртынан жарыяланып, сот камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын тандап алган . Алар изделүүдө.

Белгилүү болгондой, аталган компаниялардын жетекчилери жана кызматкерлери менен келишимге барган деп шектелип, Салык кызматынын Свердлов району боюнча инспектору М.Р.К. камакка алынды. Кылмыш иши боюнча экспертизалар жүргүзүлүп жатат" - деп билдирди прокуратурадан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн