Бугу 16, 2024
Убакыт: 20:24
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

"Центерранын" биржадагы акцияларынын баасы кескин өсө баштады

19.05.2021 11:03
934
"Центерранын" биржадагы акцияларынын баасы кескин өсө баштады

Centerra Gold Inc. компаниясынын акциялары кечээ, 18-майдан тарта ылдамдык менен өсө баштады. 


Кечээ, 18-майда эртең мененки саат 9:30дан баштап, түшкү саат 12:00гө чейин Торонтодогу Фонддук биржадагы акциялар 8,7%га баасы өстү.


Centerra Gold Inc. компаниясынын акцияларынын баасынын өсүүсүнө аталган компаниянын президенти жана аткаруучу директору Скотт Перринин билдирүүсү себеп болгонун Reuters агенттиги жазды. Тактап айтканда, Кыргызстан «Кумтөр» кениндеги көзөмөлдү өз колуна алгандын эртеси Скотт Перри билдирүү жасап, Centerra компаниясынын жетекчилиги акционерлердин укугун коргоо үчүн колунан келген бардык чараларды көрө турганын билдирген. Ошондой эле компания Канада жана Улуу Британия Өкмөтүнүн натыйжалуу колдоосун көрүп турганын кошумчалаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн