Тажикстан менен Афганистандын ортосундагы Шерхан-Бандар бажы жана соода өткөөлү "Талибандарга" өткөн. Бул тууралуу Афганистандын "Азия-Плюс" маалымат агенттигинин кабарчысы Ажмал Кокар билдирди.
Маалымат булагынын айтымында, "Талибандар" Шерхан-Бандарды бир нече саат мурун басып алган, натыйжада Ооганстандын өкмөттүк күчтөрүнүн бир бөлүгү талибандарга багынып, калгандары Тажикстанда баш калкалашкан.
Айрым жергиликтүү чиновниктер афган качкындарынын арасында экендиги кабарланууда.
Ажмал Кокардын айтымында, учурда соода жана бажы бекети аркылуу бардык кыймыл токтотулуп, "Талибандардын" курчоосунда турган Кундуз шаарынын айланасында уруштар уланууда.
Маалымат булагы билдиргендей, Шерхан Бандар бажы бөлүмү талибандардын колуна эч кандай каршылыксыз өткөн.
Тажик тарап бул маселе боюнча азырынча расмий комментарий ала элек.
Эске салсак, Шерхан-Бандар - Тажикстан менен Афганистандын ортосундагы маанилүү соода-транспорттук пункту, ал аркылуу Тажикстандын Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азиядан, анын ичинде Пакистан менен Ирандан бажы импорту өтөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн