Теке 11, 2025
Убакыт: 23:02
USD
87.30
87.80
EUR
101.70
102.70
RUB
1.118
1.135

"Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" мыйзамга кол коюлду

11.07.2025 14:59
26
"Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" мыйзамга кол коюлду


Президент Садыр Жапаров “Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2025-жылдын 19-июнунда кабыл алынган.


Мыйзамдын максаты өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө дем берүү, инвестицияларды тартуу, жагымдуу инвестициялык климатты түзүү, ошондой эле эл аралык финансылык стандарттарды жана жалпы укук принциптерин киргизүү болуп саналат.


Мыйзам “Тамчы” АФИА түзүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган, ал чет өлкөлүк жана жергиликтүү инвестицияларды тартууга, инвестициялык климатты жакшыртууга жана экономиканын өндүрүш, туризм, санаториялык-курорттук чөйрө, транспорттук инфраструктура сыяктуу ар кандай тармактарын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.


Мыйзамда өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагынын (мындан ары – “Тамчы” АФИА) ишинин укуктук негизин белгилөө, аны түзүүнүн, чектерин белгилөөнүн жана өзгөртүүнүн, ошондой эле иштешинин тартибин аныктоо сунуш кылынат.


“Тамчы” АФИА ишкердик ишмердүүлүк үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү камсыз кыла турган өзгөчө укуктук режимди алат. Бул режим инвесторлор үчүн салык жана юридикалык жеңилдиктерди камтыйт.


Ошондой эле англис укугунун ченемдерин жана принциптерин колдонуу менен жарандык-укуктук талаштарды чече турган эл аралык талаштарды жөнгө салуу борборун түзүү маанилүү аспект болуп саналат. Бул бизнес жүргүзүү үчүн ачык-айкын жана натыйжалуу укуктук чөйрөнү түзүү менен чет элдик инвесторлордун ишенимин камсыз кылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн