«Тазалыкта» жумушчулар жетишсиз. Бул тууралуу муниципалдык ишкананын жетекчиси Рамиз Алиев Фейсбуктагы баракчасына билдирди.
Анын айтымында, таштанды жүктөгөндөр бир тонна таштанды үчүн 100 сомдон алат.
«Бир күндө орто эсеп менен бир унаа 20 тоннадай таштанды чыгарат. Андан сырткары эс алуу акысы, ооруп калгандыгы үчүн төлөм ж.б. Айына 50 миң сомго чейин чыгат», - дейт Рамиз Алиев.
Жумушка орношууну каалагандар бардык суроолор боюнча Ала-Арчинская кечесу, 74а дареги боюнча кайрылса болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн