Бугу 09, 2024
Убакыт: 07:28
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

"Тойбосс" чыры: Президенттин администрациясы ата мекендик өндүрүштү колдоого чакырды

17.04.2023 09:34
446
"Тойбосс" чыры: Президенттин администрациясы ата мекендик өндүрүштү колдоого чакырды

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков ата мекендик өндүрүштү колдоого чакырды. Ал социалдык тармактагы баракчасына жазган билдирүүсүндө ата мекендик өндүрүшкө карата айрым учурда каралоо болорун белгилеген.


"Компаниялар ортосундагы атаандаштык, кээ бир учурда каралоо менен коштолуп турат. Ата мекендик өндүрүш, ири суммада салык төлөгөн “Тойбосс” компаниясынынын колбасасы дагы жалаага кабылды. Мындай атаандаштык биздин тандообузду өзгөртпөйт, кайра колдошубуз керек деген ойдомун. Биз сатып алдык, мындан ары дагы азыкты колдонобуз. 

Ата мекендик өндүрүштү колдойлу",- деп билдирүү калтырган Орунбеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн