Бугу 08, 2024
Убакыт: 21:02
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

"Учкун" басмаканасында паспорт, айдоочу күбөлүгү, унаанын техпаспорту чыгарыла баштайт

29.03.2023 16:49
272
"Учкун" басмаканасында паспорт, айдоочу күбөлүгү, унаанын техпаспорту чыгарыла баштайт

"Учкун" басмаканасына чет өлкөдөн жаңы заманбап техникалар келип түшүп, жаңылоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымына караганда, бул иштер толук аягына чыккандан кийин, басмакана ID-card, жалпы жарандык паспорт, айдоочулук күбөлүк, унаалардын техникалык паспортун даярдап баштайт.

"Президент Садыр Жапаров “Учкун” басмаканасын жаңылоо жана анын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү тапшырмасын койгон. Басмаканада буга чейин атесттаттар, күбөлүктөр, дипломдор сыяктуу жөнөкөй мамлеттик кагаздар гана басылчу. Көп нускалуу китептерди басып чыгаруу мүмкүнчүлүгү дагы аз болгон. Буга байланыштуу окуу куралдары жеке компаниялар тарабынан даярдалып келет", - деди ал.

Орунбеков билдиргендей, азыркыга чейин, ID-card Түштүк Кореялык жеке компаниясы, жалпы жарандык паспорт Германиялык жеке компаниясы тарабынан, ал эми айдоочулук күбөлүк Казакстандан даярдалып келет.

"Ал үчүн мамлекеттин казынасынан ири суммадагы акча каражаттары коротулуп жатканы белгилүү. "“Учкун” басмаканасынын техникалык базасы тийиштүү талаптарга жооп бере тургандай болуп жаңылангандан кийин, мындан ары документтерди мамлекет өзү даярдайт, андан түшкөн киреше мамлекеттин казынасына түшөт.

Китеп басып чыгаруу боюнча дагы техникалык шарттар түзүлөт, анда кыска аралыкта көп нуска басып чыгаруу, ага жараша баасы арзандайт", - деди Орунбеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн