Бугу 10, 2024
Убакыт: 02:04
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

"Улуттук энергохолдинг" компаниясы качан жоюлары айтылды

07.03.2023 13:05
198
"Улуттук энергохолдинг" компаниясы качан жоюлары айтылды

"Улуттук энергохолдинг" мамлекеттик ишканасы жоюлса, анын функциясы Энергетика министрлигине же анын алдында түзүлгөн башкармалыкка (департаментке) жүктөлөт. Бул тууралуу аталган ишкананын төрагасы Талайбек Байгазиев «Марал» радиосуна билдирди.


Азыркы тапта бул маселе талкууланып жатат.


«Жеке компаниялар менен мамлекеттик ишкананын биргеликте иш алып баруусу боюнча азырынча жол-жобо жок. Ошондуктан мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү же жаңы мыйзамдарды иштеп чыгуунун үстүнөн юристтер иш алып барышууда».  


Быйыл апрель айында «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын акционерлеринин жылдык чогулушун өткөрүп, андан кийин жоюу процесстери башталарын кошумчалады мекеменин башчысы.


Эске салсак, январь айынын аягында парламенттин тармактык комитетинде энергетика министри Таалайбек Ибраев «Улуттук энергохолдинг» мамлекеттик ишканасы жоюларын билдирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн