Бугу 03, 2024
Убакыт: 20:34
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

"Унаа" мамлекеттик мекемесинин Нарындагы өкүлү пара алууга шектелип кармалды

"Унаа" мамлекеттик мекемесинин Нарындагы өкүлү пара алууга шектелип кармалды

2020-жылдын 2-декабрында УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы  тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, акча каражатын алуу учурунда пара алып,  МККнын алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Нарын облустук бөлүмүнүн адиси, «К.Ч.О.» кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады. 


Кармалган жаран аталган Мамлекеттик мекеменин айрым кызматкерлери менен биргеликте айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн экзамендерди ийгиликтүү тапшырганы үчүн акча алгандыгы аныкталды. Айрым учурларда, бир жумуш күнүнө мыйзамсыз акча топтоо менен экзамен тапшырып жаткан курсанттардын санына жараша 60-70 миң сомдун чегинде акча талап кылган. 


Кылмыш иши бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жаран Нарын облусунда убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн