Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 06:03
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

"Жер титиребесин, эл битиребесин"

18.02.2023 11:27
7706
"Жер титиребесин, эл битиребесин"


Бул сөз эмнеден чыкканы эсте жок, бирок Кыргызстан эгемендик алганда кеңири тарап кеткен, жаштардын шатыра-шатман "жетим отуруштарынын" көбүндө кеңири айтылган тосттордун бири эле. Түркия менен Сириядагы кырсыктын масштабын карап отуруп жөнөкөй элдин тилеги канча туура болгонуна айла жоктон ынанасың. Миңдеген адамдар набыт болуп, далайлары ден соолугунан ажырап. канчасы үй-жайсыз калып, бир эсе мамлекеттин күчү, бир эсе адам баласынын боордоштугу сыналып турган кези. Тирүү табылгандар улам азайып, үмүтү үзүлгөндөр жаңы чындыкка аргасыз көнүп, мамлекет жаратын жаңыдан таңып алып андан аркы жашоого белсенип атат. Чоң-чоң жардам борборлорунда ыктыярчы катары көмөк көрсөткөн жаштардын  иши азыр да уланууда. Көптөгөн мамлекеттерден, анын ичинде Кыргызстандан да куткаруучулардын чоң командалары келип, көп учурларда тирүү адамдарды таап чыгып жатышкан ийгиликтүү учурлар жүрөк жылытат. Майдагы президенттик шайлоону, өлкөнүн экономикалык абалын, дүйнөлүк саясаттагы ордун эсепке алганда бул кырсык Түркиянын өзүнө эле эмес, жалпы эле аймактагы абалга канчалык таасир этерин так болжоп билиш мүмкүн эмес. Андыктан түрк элине сабыр жана кайрат тилеп, мындан өзүбүз ала турган сабактарды кеп кылалы. 


Курулуштун сапаты 


Түркияда жер катуу титиреген кырсыктар көп учурайт. Анткени өлкө тектоникалык кыртыштардын сыныктарында жайгашкан. Жер титиреген сайын мамлекет курулуш иштерине жана анын сапатына көзөмөлүн күчөтөт. Бирок ал деле дайыма натыйжа бере бербейт окшойт. Баары тектоникалык сыныктардан дейли десек. каргаша болгон жердеги Эрзин аттуу шаардын курулуштары аман калды. Шаардын мэри Оккеш Элмасоглу муну курулуш ченемдерин сактоого катуу талап койгону менен түшүндүрүүдө. Албетте, жалгыз анын эмгеги эмес, ага чейинкилердин да салымы болушу мүмкүн, бирок ушул фактынын өзү курулуш иштеринде маселе бар экенин көрсөтүп турат. Курулушка тиешелүү бир катар аткаминерлер күн алыс кармалып атканы да бул тармакта коопсуздук эрежелерин бузган бир топ фактыларды кыйыткандай. 


Кыргызстандын тиешелүү тармагынын жетекчилери жакында "биздеги үйлөр 9 баллдык жер титирөөгө чыдайт" дешти. Окурман журту буга кандай баа берерин билбейм, жеке мен бул оптимизмге ишене албай турам. Күмөн саната турган жок эле дегенде 3 жагдай бар: 


1) Курулуштун сапаты кандай экенин тиешелүү органдар гана текшербесе, калганыбыз биле албайбыз. Мындан бир топ жыл мурун көчөдөн бир куруучу жигит менен сүйлөшө кетип курулуштун сапаты тууралуу сурап калдым. "Аман эле болсун, байке" деп пайдубалы жок эле салып койгон үйлөр, арматурасы жок бетондоп салып кийин гана учун сайып койгон куруучулар, каяша айтса "жаагыңды басып жөн тур" деген прорабдар тууралуу айтып берди. "Микрофонго сүйлөп бере аласыңбы?" десем адегенде макул болгон, кийин бирок телефонун албай койду. 


2) Курулуп бүткөн үйлөрдүн деле жанын койбой тытмалап аткан жашоочулар толтура. Таяныч дубалдарды алып таштап бөлмөлөрдү кеңейткен, кой десе болбой туш келди тешкилей берген кошуналар баарыңарда эле болсо керек. Мунун баары үйлөрдүн сейсмикалык коопсуздугу үчүн зыян. Айрыкча имараттардын түбүн кеңейте коюп дүкөн, кафе ж. б. ишканаларды ачкан юридикалык жактар кандай коркунуч түзүп атышканына анча деле көңүл бурбайт. Аларды акча гана кызыктырат. Түркияда да көп үйлөрдүн түбү дүкөн болуп кеткен, анткени соода бул мамлекеттин экономикасынын негизин түзөт. Кырсык болгон жердеги видеолордон үйлөр капталына жыгылбастан түбүнөн эле быркыранып барып күбүлүп түшүп атканы көрүнүп турат. Демек баарынан да имараттардын түбү борпоң болуп калган. Бизде да көп үйлөрдүн асты дүкөн болуп, имараттары кеңейтилип, таяныч дубалдары алынып ташталган. Түркияга зыянын тийгизген мындай жагдай бизге залалы тийбейт деген кепилдик барбы? Менимче жок. Мындан бир нече жыл мурун Бишкектеги көп кабаттуу үйдүн курулушун көргөн, кесиби боюнча инженер машыктыруучум үйлөрдү мындай тездик менен салууну кылмышка теңеди эле. Кудай сактасын, бирок кыргызда "Кудай да "сактансаң сактаармын" дейт экен" деген кеп бар. 


3) Үйлөрдүн ортосундагы аралык да мурункудай болбой калды. Мен убагында ооруканада жатканда жанымда СССРдин курулушуна эмгек сиңирген ишмер жаткан. Ал кишиден имараттардын ортосундагы аралыктын нормасын сурасам, "узунураак үйдү жыкса кыскараак үйгө жетпей калгыдай аралык болушу керек" дегени бар. Түркиянын чоң шаарларында башынан эле үйлөрдү тыгыз салган салт калыптанып калган. Бирок бизде үйлөрдүн ортосундагы аралыкты азайтуу менимче сейсмикалык коопсуздукка гана зыянын келтирип тим болбостон, шаардын дем алышына, демек экологияга да тескери таасир этүүдө. 


Эл менен мамлекеттин ынтымагы 


Стамбулда кан тапшыруу түйүндөрү, гумжардам жөнөтүү борборлору тынымсыз иштеп жатат. Үйүңдөн алыс жерге барып алсаң жакыныраак жерге барып жардам бере турган пункттардын тизмесин беришет. Өткөн жылдардагы жер титирөөдө болсо мамлекет үйлөрдөн качып чыккан адамдарга дароо жылуу кийим, тамак-аш таратып, кем-карчын дароо толуктай калганы айтылган. Албетте, бул жакта деле көзөмөл жок калган жердеги талоончулук, гумжардамды уурдай качкан шылуундар бар экен, бирок анын баары жазага дароо тартылууда. 


Корутунду 


Жогорудагы жагдайларды эсепке алганда, Кыргызстанда курулуш компанияларынын ишине жалаң эле мамлекеттик эмес, коомдук көзөмөлдү да күчөтүү зарылдыгы бышып жетилип келатат. Биринчи иретте үйлөрдүн биринчи кабаттарын жана жертөлөлөрүн өзгөртүүгө, салынган батирлердин дубалдарын алып таштоого катуу тыюу салыш керек болуп турат. Айрыкча Бизшкек менен Ошто салынып жаткан көп кабаттуу үйлөр, мурда салынган имараттарды пайдалануунун техникалык абалы тынчсыздандырбай койбойт. Эмитен ушул иштердин негизги эрежелерин түзүп, сак болбосок кийин кеч болуп калышы мүмкүн. 


Жыргалбек Касаболот

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн