Президент Садыр Жапаров 17-мартта "Жер Үй" алтын кенине барат. Бул тууралуу "Супер.кг" порталы өздүк булактарына таянып жазды.
Айрым маалымат каражаттары бул иш-чарага Орусиянын президенти Владимир Путин онлайн катышарын жазып чыгышты.
17-мартта "Жер Үй" кенинде алтын иштеткен фабриканын ачылышынын өтүүсү күтүлүүдө.
"Жер Үй" алтын кени Талас районунун Бекмолдо айылында жайгашкан. Садыр Жапаров мындан тышкары Таластын дагы кайсы жерлерине барары азырынча белгисиз.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн