Бостери айылындагы "Золотые пески" пансионатынын аймагындагы көлдөн аквопаркка суу соруучу 500 мм диаметрлик түтүкчөсүнө 2003-ж.т. С.С. эркек баланы соруп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жерине КР ӨКМнин Ысык-Көл райондук ӨК бөлүм башчысынын жетекчилигинде 4 куткаруучу, Ысык-Көл а/а 1 экскаватор, ИИМден 30 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылып, түтүкчөнү кесип маркумдун жансыз денесин чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн